• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

"Кыргызнефтегаздын" арзан сатып алынган акциялары мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Кабар/. "Кыргызнефтегаз" ААКтын мурдагы жетекчилиги тарабынан төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алынган акцияларынын бир бөлүгү мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында "Кыргызнефтегаз" ААКнын мурдагы жетекчиси Б.Р.А. аталган ишкананын 383 миң 590 даана акциясын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алгандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, 2019-жылы Б.Р.А. "Кыргызнефтегаз" ААК башкармалыгынын төрагасы кызматын аркалап, бул ишкананын активдерин жана мүлктөрүн орусиялык "Газпром" ААКсына сатуу боюнча мамлекеттик программаны шылтоолоп, миноритардык акционерлерден баалуу кагаздарды сатып алуу иштерин уюштурган. Кийинчерээк өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, компаниянын аталган акцияларын төмөндөтүлгөн нарк боюнча сатып алып, аффилирленген жактарына каттаткан.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Б.Р.А. өз ыктыяры менен "Кыргызнефтегаз" ААКтын аффилирленген жактарына таризделген жалпы суммасы 65 млн 615 миң 400 сомду түзгөн акцияларын мамлекетке өткөрүп берди.

Пикир

Оставить комментарий