• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Кыргызпатент менен USPTO интеллектуалдык менчик жаатында кызматташууну бекемдейт

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиги менен АКШнын патент жана товардык белгилер боюнча бюросу (USPTO) өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту.

Документке Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана АКШнын соода катчысынын интеллектуалдык менчик боюнча орун басары жана USPTOнун директору Кэтрин Видал кол коюшту.

Меморандум интеллектуалдык менчикти коргоонун жана инновацияларды стимулдаштыруунун негизги багыттары боюнча эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнү карайт.

Меморандумдун алкагында тараптар төмөнкүдөй макулдашууга жетишти:

- Интеллектуалдык менчик укугу, саясат жана билим берүү боюнча маалымат жана мыкты тажрыйба менен бөлүшүү;
- Техникалык жардам жана потенциалды жогорулатуу программаларын жүргүзүү;
- Интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча консультацияларды жана талкууларды уюштуруу.

Пикир

Оставить комментарий