• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Кыргызпатент үстүбүздөгү жылы аткарылган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 30.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-декабрда Кыргызпатент 2021-жылы аткарган ишмердүүлүгү боюнча жыл жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жыйынды ачып, ведомствонун отчеттук мезгилдеги аткарган иштерине токтолду.

Андан кийин 2021-жылдын жыйынтыгы менен төмөнкү кызматкерлер ведомствонун сыйлыктары менен сыйланышты:

1. Көп жылдар бою ак ниет жана үзүрлүү иштеп, КРнын интеллектуалдык менчикти коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен:

- Ормушева М. А. – Укук башкармалыгынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

- Апазова А. Дж. – Экспертиза башкармалыгынын товардык белгилерди экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн башкы адиси;

- Алымбаева А. Ж. – уюштуруу иштери жана стратегия бөлүмүнүн башкы адиси;

- Акматалиева Б. Т. – кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Кокумов А. Э. – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн улук инспектору;

- Торогулов Т. О. – Укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Акматсияев Р. З. – Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн инспектору;

- Островершук Г. Ю. – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди комплекттөө жана иштеп чыгуу бөлүмүн башчысы;

- Абдрасулов А. А. – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун Fab Lab индустриялык инновациялар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Акун к Д. – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Зейбель Д. В. - Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун полиграфия бөлүмүнүн адиси;

- Асаналиев У. А. - Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын китепкана-маалыматтык процесстерди автоматташтыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;

- Давлетбаева Н. Э. – Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын илимий-техникалык адабияттарды жана документтерди комплекттөө жана иштеп чыгуу бөлүмүн башкы адиси.

2. Кызматын так жана ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн Автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын автордук сыйакыны бөлүштүрүү жана каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Садыкова Жыпаргүл Жалиловнага жана автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын инспектордук бөлүмүнүн инспектору Молдогазиева Аида Бейшеновнага - алкыш жарыяланды.

3. Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө үзүрлүү кызматташкандыктары жана инновацияны өнүктүрүүгө кошкон салымдары жана ошондой эле иннновациялык ишти өнүктүрүүгө туруктуу өнөктөштүк көмөк көрсөткөндүктөрү үчүн Кыргызпатенттин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:

- Абдраева А. Т. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин министринин орун басары;

- Жуматаев М. С. – техникалык илимдердин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти;

- Тыналиева Б. К. - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясынын төрайымы;

- Султаналиев Б. С. – техникалык илимдердин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтунун директору.

Төмөнкүлөргө Алкыш жарыяланды:

- Балбаева Г. Ж. – Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим башкармалыгынын начальниги;

- Малюкова Н. Н. - геологиялык илимдердин кандидаты, профессор, Кыргыз-Россия Славян университетинин Билим берүү жана илим башкармалыгынын начальниги.

Пикир

Оставить комментарий