• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызпатенттин директору Евразия патенттик ведомствосунун президенти менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Евразия патенттик ведомствосунун (ЕАПВ) президенти Григорий Ивлиевдин эки тараптуу жолугушуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар интеллектуалдык менчик жаатында эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ушул жылдын август айында Кыргызстанда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ), Евразия патенттик ведомствосу (ЕАПВ) жана Кыргызпатент биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча регионалдык семинар өткөрүүнү пландашты. Мындан сырткары, Кыргызпатент жана ЕАПВ балдар жана жаштардын ойлоп табуучулугун өнүктүрүү, интеллектуалдык менчик жаатында адистерди даярдоо боюнча тыгыз кызматташууга макулдашты.

Иш-чаранын алкагында Григорий Ивлиевдин Кыргызпатенттин кызматкерлери менен жолугушуусу уюштурулду.

ЕАПВнын президенти Григорий Ивлиев 21-мартта Кыргызстанга жумушчу иш сапары менен келди. Бүгүн ал КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугат жана алар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө евразиялык интреграцияга байланыштуу маселелерди талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий