Кыргызпатенттин директору ТИКАнын программалык координатору Осман Уста менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 10.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева жана Түркиянын кызматташтык жана координациялоо боюнча агенттигинин (ТИКА) Кыргызстандагы программалык координатору Осман Уста эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Кыргызпатенттен кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар төмөнкү багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты:

1. Аймактарда балдар үчүн илимий-техникалык жана робототехника ийримдерин ачуу;

2. Ош шаарындагы “Кыргыз-Түрк достугу” мектеп-лицейинин базасында инновациялык класстарды түзүү;

3. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу, биргелешкен окутуу жана квалификацияны жогорулатуу үчүн Түркияга иш сапарын уюштуруу;

4. Аймактарда “STEAM-билим берүү кербени” долбоорун ишке ашыруу.

Пикир

Оставить комментарий