• 85.8
  • 92.83
  • 0.88

Кыргызстан инсульт оорусу боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат

Ден соолук 0

Бишкек, 28.10.24. /Кабар/. Кыргызстан инсульт оорусуна чалдыккандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, инсультка чалдыккан бейтаптардын, майып болгондордун жана каза болгондордун саны боюнча да Кыргызстан дүйнөдө эң алдыңкы орундарда турат. Бул адамдын өмүрүнө, саламаттыгына кайталангыс залал келтирип, олуттуу зыян алып келе турган опурталдуу дарт.

“Кыргызстанда күнүнө 16-20 киши, ал эми бир жылда 6 миңден ашуун бейтап инсульт оорусуна чалдыгып келет. Башка мамлекттерде жарандар тынымсыз аракет жүргүзүү менен, ооруга чалдыккандардын көрсөткүчүн төмөндөтүп келе жатышат. Ал эми бизде көрсөткүч жогорулап, төмөндөө багыты байкалбай жатат. Анткени, бизде жарандардын инсульт оорусуна чалдыкпоо боюнча жеткиликтүү маалыматы жок. Азыркы учурда Кыргызстанда каза болгон бейтаптардын 75%ы инсульттан улам каза болушууда. Ооруга чалдыккан бейтаптардын 80%ы майып болуп, эмгекке жарамсыз болуушуда. Ошондуктан ар бир жаран инсультка чалдыкпоо үчүн жеткиликтүү маалымат алууга тийиш”, - деди дарыгер.

Ошондой эле дарыгер кошумчалагандай, жогорку кан басым, холестериндин жогорку деңгээли жана диабет сыяктуу жүрөк кан-тамыр ооруларынын тобокелчиликтерин текшерип, көзөмөлдөп туруу эң маанилүү.

“Көпчүлүк учурда бейтаптар өздөрүнүн кан басымынын жогоруу экенин билишпейт, билишсе дагы үзгүлтүксүз даарыларды ичишпейт, көзөмөлдөө жок. Ошондой эле холестерин оорусу, бейтаптардын бул тууралуу да маалыматы жок. Холестерин бейтаптын кан тамырларын ичкертип, бүтөп сала турган оору. Ал эми кант диабетинде дагы кан тамыралары ичкерип кан айлануу токтоп, тромп пайда болот. Мына ушул үч оорудан эле сактансак инсультту болтурбай койсок болот”, - деди Тургунбаев.

Белгилей кетсек, 29-октябрь – Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү күнү. Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күрөшүү уюму тарабынан 2006-жылдын 29-октябрынан тартып, бул ооруга каршы активдүү күрөшүү Бүткүл дүйнөлүк инсультка каршы күнү катары белгиленген. Бул күн тарыхта 2004-жылдан башталып майрамдала баштаган анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму инсультту дүйнөлүк эпидемия деп жарыялап, 2006-жылы ушул күндүн негизинде "Дүйнөлүк инсульт уюму" түзүлгөн. Бүгүнкү күндө уюмда инсульт менен күрөшүү үчүн илимпоздор, илимий уюмдар жана коомдордон турган 3,5 миңден ашуун мүчөсү бар.

Маалымат үчүн: Инсульт – бул артерия кан тамырларынын бүтөлүп калышынан, мээге кан жетпей калышы, мунун натыйжасында, нерв же кан-тамырлардын капталдары айрылгандыктан кандын агышынан улам клеткаларынын өлүмүнө же жабыркашына алып келген абал, бул мээдеги кан айлануунун, ошол эле учурда мээнин ткандарынын жана анын функцияларынын тез арада бузулуусу.

Пикир

Оставить комментарий