Бишкек 13.06.23. /Кабар/. Борбордук Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Кыргызстан — Афганистан беттешинде орун алган окуя боюнча чечим чыгарды.
Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришкендей, аталган оюн учурунда афган футболчулары финалдык ышкырык жаңырганга чейин эле оюн талаасын таштап кетишкен.
CAFA чечимине ылайык:
- Оюн орун албай калды деп табылды: Кыргызстан 3:0 эсеби менен беттештин жеңүүчүсү деп жарыяланды;
- Мелдештин регламентин бузгандыгына карабастан турнирдин жакшы имиджин камсыз кылуу максатында Афганистандын курамасына турнирде катышуусун улантууга уруксат берилди;
- Афганистандын курамасынын башкы машыктыруучусунун жүрүм-турумун CAFA`нын дисциплинардык комитети карайт (андан аркы санкциялар киргизилиши мүмкүн).
Пикир
Оставить комментарий