• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Кыргызстандан Афганистанга 120 тонна гуманитардык жардам жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 01.10.24. /Кабар/. Кыргызстандан Афганистанга гуманитардык жардам жеткирилди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 25-сентябрда жөнөтүлгөн 120 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам 28-сентябрда жерине жеткирилди.

Жардам президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде уюштурулду.

Эскерте кетсек, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2024-жылдын февраль айында бир нече өлкөлөрдүн Коопсуздук кеңештеринин башын бириктирген регионалдык жыйында, БУУнун 78-сессиясында да Афганистанга жардам берүүгө чакырык таштаган.

Кыргызстандан буга чейин да аталган өлкөгө азык-түлүк, кийим-кечелер, балдар үчүн оюнчуктар жана дары-дармектер жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий