• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстан аркылуу транзиттик жүктөрдү Европа өлкөлөрүнө ташуу мүмкүнчүлүгү жаралды

Экономика 0

Бишкек, 14.08.24. /Кабар/. Кыргызстан аркылуу транзиттик жүктөрдү Европа өлкөлөрүнө ташуу мүмкүнчүлүгү жаралды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “UBS Transit” эл аралык жүк ташуу ишканасынын жетекчиси Талантбек Маткерим уулу билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү колдонуу менен Кытайдан өндүрүлгөн товарларды Түркияга жана андан ары Европа өлкөлөрүнө транзиттик жүктөрдү таашый алат.

“Жакынкы 2 ай аралыгында бул маршрут боюнча бир канча каттам жасалды. Мында биздин орто коридордун артыкчылыгы транзиттик жүк арзан жана тез жеткирилет. Азыркы дүйнөдөгү геосаясий абалга байланыштуу Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, өлкө экономикасына чоң пайда келтирсе болот. Европага жүк ташуудагы азыр биздин жалгыз атаандашыбыз Казакстан”, - деди Талантбек Маткерим уулу.

Ал белгилегендей, байыркы Улуу Жибек жолун жанданткан жүк ташуу маршруту, азыркы орто коридор Кытайдын Кашкар аймагынан Эркечтам пункту аркылуу Ошко, Оштон “Достук” өткөрүү пунктунан өтүп Өзбекстанга, андан ары Түркмөнстан – Азербайжан – Грузия – Түркия аркылуу Европа өлкөлөрүнө каттамакчы.

Пикир

Оставить комментарий