• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан Бакуда өтө турган Климаттык саммитке катышат – Санжар Болотов

Коом 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар – Мээрим Дүйшөналиева/. Кыргызстан Климаттык саммитке катышат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 29-Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясы (COP29) ноябрда Азербайжандын Баку шаарында өтөт.

“COP29 конференциясынын негизги темалары — климаттын өзгөрүшүнө каршы чараларды ишке ашырууну күчөтүү жана аларды ишке ашырууга шарт түзүү. Форумга өлкө лидерлери, жеке сектордун өкүлдөрү жана жарандык коом, анын ичинде Кыргызстандын делегациясы да катышат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий