• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан биринчи жолу кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 03.12.18 /Кабар/. Кыргызстан курама командасы биринчи жолу кум үстүндөгү футбол боюнча Азия чемпионатына катышат. Азия биринчилиги Таиланддын Паттайя шаарында 9-17 мартта өтөт.

15 команда 4 тайпага бөлүнгөн (3 топто 4 команда, 1 топто 3 команда).

Чучукулактын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан В группасына туш келип, Бириккен Араб Эмираты, Ливан жана Кытай менен ойнойт.

1/4 финалына ар бир топтон экиден команда чыгат.

А группасы: Таиланд, Афганистан, Малайзия, Палестина;

В группасы: БАЭ, Ливан, Кытай, Кыргызстан;

С группасы: Япония, Бахрейн, Катар, Кувейт;

D группасы: Иран, Оман, Ирак.

Азия биринчилигинин жыйынтыгы боюнча, үч мыкты команда 2019-жылы Парагвайда өтө турган дүйнө биринчилигине жолдомо алышат.

Пикир

Оставить комментарий