• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан Бишкек саммитиндеги чечимдердин ишке ашырылышына аракет жасайт – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Кыргызстан төрагалыктын жүрүшүндө Бишкек саммитинде кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышына натыйжалуу көмөк көрсөтүү үчүн бардык аракеттерди жасоого ниеттенип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 11-жыйынында билдирди.

Президент белгилегендей, Кыргызстан эң алгач төрагалыгында "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" программасына, "2022-2026-жылдарга карата Түрк мамлекеттер уюмунун стратегиясына" жана уюмдун башка стратегиялык документтерине басым жасайт.

"Төрагалык мезгилде биз көп тараптуу өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга күч-аракетибизди жумшайбыз.

Биз биргелешкен эл аралык демилгелерди алга жылдыруу, экономиканын стратегиялык тармактарындагы долбоорлорду ишке ашыруу сыяктуу төмөнкү темалар боюнча иштешүүгө даярбыз.

Кыргызстан экономикалык өз ара кызматташууга өзгөчө маани берет.

Кыргызстандын Түрк мамлекеттер уюмунун өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү соңку жылдары дээрлик 62% га өстү. Бул жетишкендик биздин туура багытта баратканыбыздын көрсөткүчү деп ойлойм.

Соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү максатында капиталдык салымдарды көбөйтүүгө, өндүрүлгөн товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу рыноктору менен алмашууга багытталган документти иштеп чыгуу боюнча аракеттерди көрүүгө чакырам", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле өлкө башчысы кошумчалагандай, муну менен бирге бир катар багыттарда өкмөттөр аралык макулдашуулар боюнча сүйлөшүүлөр демилгеленет. Алар: кызмат көрсөтүүлөр, финансы, эмгектин жалпы рынокторун түзүү жана колдоо, санариптик, электрондук коммерция, интеллектуалдык менчик, айыл чарба, технологиялар, инновациялар, туризм жана билим берүү чөйрөлөрү.

"Түрк мамлекеттеринин ортосундагы санариптик соодага көмөктөшө турган Санариптик экономика жаатындагы өнөктөштүк жөнүндө Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында макулдашууга кол коюуну толугу менен колдойм", - деп айтты президент.

Пикир

Оставить комментарий