• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстанда көмүрдүн 6 млрд тонна кору бар – Кайрат Маматов

Коом 0

Бишкек, 25.12.24. /Акназик Тургунбаева – Кабар/.Кыргызстанда көмүрдүн 6 млрд тонна кору бар. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директору Кайрат Маматов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери 1 млн 100 миң тонна көмүр казылып алынган. Ал эми калкты арзан көмүр менен камсыздоо максатында республика боюнча 75 көмүр кампалары ачылган.

“Ал жерде кара алтындын баасы мамлекет коюп берген нарктан жогору сатылбашы керек. Азыркы тапта “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы көмүр кенин иштетүү үчүн 18 лицензия алды. Анын 11и изилдөө үчүн лицензия болсо, жетөө казуу боюнча. Буга чейин ишканада бир эле, тактап айтканда Кара-Кече кенине гана лицензия болгон. Бүгүнкү күндө Кара-Кече кени мамлекетке өткөрүлүп, “Кыргызкөмүр” ишканасы менен биригип иштеп атат. Мекеменин негизги көмүр карьери Кара-Кечеде иш иретке келтирилип, видеокөзөмөлдөр орнотулду. Ошондой эле жылдын башынан тартып электрондук төлөмдөр ишке киргизилди”, - деди ал.
Ошондой эле Маматов кошумчалагандай, 2025-жылы мекеме көмүрдү жууй турган ишкана курууну жана көмүр кендерин ачууну пландап жатат.

Пикир

Оставить комментарий