• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан боюнча көмүргө болгон баа арзандады – статистика

Экономика 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кыргызстан боюнча көмүргө болгон орточо баанын арзандаганы байкалган. Улуттук статистика комитети үстүбүздөгү жылдын 19-декабрына карата кыскача обзор жасады.

Ведомствонун маалыматына ылайык, декабрь айынын үчүнчү жумасында көмүрдүн орточо чекене баалары ноябрь айындагы баага салыштырмалуу – тоннасы 156,37 сомго же 3,3% төмөндөдү. Ноябрдын үчүнчү жумасына салыштырмалуу 152,24 сомго же 3,3% төмөндөгөнү байкалды. Аны менен бирге айрым калктуу конуштарда көмүрдүн баасы өзгөрүүсүз сакталып калды.

Ошентип, 2019-жылдын 19-декабрына карата көмүрдүн максималдуу керектөөчү баалары Баткен (бир тонна – 7 807,93 сом), Ноокат (бир тонна - 7 508,79 сом) жана Исфана (бир тонна – 6 387,49 сом) шаарларында белгиленди. Ушул эле учурда минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле Балыкчы шаарында (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарын шаарында (бир тонна – 3 500,00 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) болгону байкалган.

Пикир

Оставить комментарий