• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Кыргызстан боор алмаштыруу операциясына даяр — Алымкадыр Бейшеналиев

Ден соолук 0

Бишкек, 30.05.24. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатия шаарындагы Инөнү университетинде боор алмаштыруу боюнча операциялардын бирине катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, ал ошондой эле түркия тарап менен Кыргызстанда боор алмаштыруу операцияларын жасоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Министрдин айтымында, учурда алты бейтап жана алардын донорлору алдын ала даярдыктан өтүп, операцияны күтүп жатышат. Операцияларды Бишкек мамлекеттик Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасоо пландалууда.

"Кыргызстанда боорду алмаштырууга даярдык иштери аяктады. Операция жасоо үчүн керектүү жабдыктар бар, түркиялык дарыгерлер жетишпеген жабдууларды өздөрү менен кошо алып келишет. Операциялар 2024-жылдын 4-5-июнуна пландалууда", - деп белгиледи Алымкадыр Бейшеналиев.

Белгиленгендей, жакын арада Кыргызстанга анестезиолог-реаниматолог, эки хирург жана медайымдан турган түрк дарыгерлер тобунун келиши күтүлүүдө. Түркияда боор трансплантациялоо боюнча окуудан өткөн жергиликтүү адистерден турган эки бригада да операция жасоого даяр.

Пикир

Оставить комментарий