Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болууга үмүттөнөт

Саясат 0

Чолпон-Ата, 02.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен болгон жолугушууда Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин сунуштаганын белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүнү көздөп жатат.

"Биздин өлкө дүйнөнүн башка 60 өлкөсү сыяктуу эле БУУнун Коопсуздук кеңешине эч качан мүчө болгон эмес. БУУга мүчө болгон ар бир өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуу укугуна ээ болушу керек. Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө болуп шайланышы дүйнөлүк коомчулукка тарыхый адилетсиздикти оңдоого мүмкүндүк бермек, ошондой эле БУУга мүчө бардык өлкөлөргө бирдей укуктарды камсыз кылуу боюнча саясий эркин көрсөтмөк", - деди Садыр Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий