• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашырган мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылууда

Коом 0

Бишкек, 23.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун эффективдүүлүгү боюнча ТОП-50 рейтингине кирип, 166 өлкөнүн ичинен 45-орунду ээледи. Эми Кыргызстан 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүгө амбициялуу максаттарды коюуда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон маалымдашкандай, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) Кыргызстандын мамлекеттик саясатынын негизи болуп саналат. Мындан улам алар 2018-2040-жылдарга өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына жана 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн программасына киргизилген.

Ошондой эле Кыргызстан БУУнун 2023-2027-жылдарга ТӨМ жаатында кызматташуу боюнча Алкактык Программасын, эки жылдык Биргелешкен иш планын жана ТӨМдү каржылоонун Комплекстүү улуттук механизмдерин кабыл алды, ТӨМдү ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлдү.

“Күн тартиби-2030” бүгүнкү жана келечек муундар үчүн тынч, дени сак жана коопсуз жашоонун эң мыкты жол картасы деп эсептелет. Ушуга байланыштуу Кыргызстан 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүнү максат кылууда.

Биринчиден, өлкө COVID-19 пандемиясы башталганга чейин жакырчылыкты кыскартууда көзгө көрүнөрлүк прогресске жетишкен. Бирок коронавирустун башталышы менен жакырчылыктын жалпы деңгээли 2019-жылы 20%дан 2020-жылы 25%га чейин көтөрүлдү. Жакырчылыктын динамикасын төмөндөтүү жолуна кайтаруу үчүн акыйкаттыкка жана инклюзивдүүлүккө негизделген социалдык коргоо системасын бекемдөө өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Кыргызстан ага бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын сапатын жогорулатуу жана каржылоо жолу менен билим берүү системасын комплекстүү трансформациялоого умтулат.

  • Сапаттуу билимге жетүү жумушка орношуу жана татыктуу жумуш үчүн пайдалуу көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берет.
  • Эл агартуу жана билим элдин сапаттуу жашоосу жана өнүгүүсү үчүн ажырагыс шарт.

Экинчиден, Кыргызстан “жашыл” экономиканын принциптерин жана моделдерин ишке ашыруу аркылуу туруктуу өнүгүүгө жетишүүгө умтулат.

  • Чакан жана орто ишкердикти “жашыл” каржылоо кеңейтилет, аялдардын, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын активдүү катышуусу камсыз кылынат.
  • Санариптик ажырымды жоюу боюнча натыйжалуу чаралар көрүлөт.
  • Тоолуу аймактардын туруктуулугун жогорулатуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу ресурстарын сарамжалдуу башкаруу, энергиянын кайра жаралуучу булактарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелерине мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, күч-аракет жумшалат.

ТӨМгө жетишүү үчүн Кыргызстан негизги артыкчылыкты адамды өнүктүрүүгө негизделген саясатты жүргүзүүгө басым жасап, чектен төмөн болгон жакырчылыкты жоюуга жакындады.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү тездетүү боюнча конкреттүү милдеттенмелерди кабыл алмакчы. Алар:

  • 1-демилге: Инклюзивдик жана сапаттуу билим берүү үчүн системаны жана реформаны өзгөртүү;
  • 2-демилге: Инклюзивдүү “жашыл” экономиканы илгерилетүү.

Мындан тышкары, быйыл Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча экинчи Улуттук ыктыярдуу сереп салууга даярданууда.

Пикир

Оставить комментарий