• 86.8
  • 91.71
  • 0.87

Кыргызстан чек арада электрондук кезек системасын ишке киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте "Кызыл-Кыя автожол" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча пилоттук долбоорду баштоодо.

Экономика министрлигинен билдиришкендей, бул долбоор 2024-жылдын 30-ноябрында старт алат жана логистиканы жакшыртууга, чек арадан өтүү процедураларын тездетүүгө жана процесстин ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.

Электрондук система айдоочуларга чек арадан өтүү убактысын алдын ала kezek.gpti.kg сайты аркылуу брондоого жана күтүү зонасына белгиленген убакытта келүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул чечим күтүү убактысын кыскартат, чек арадагы тыгындарды азайтуу менен жүк ташуу ишинин натыйжалуулугун жогорулатып, соода операцияларын жөнөкөйлөтөт.

Экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов электрондук кезек башкаруу системасын киргизүү транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүдө, чек ара аралык сооданы жеңилдетүүдө жана Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууда маанилүү кадам экенин белгиледи.

Белгиленгендей, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн транспорттук компаниялар үчүн семинарларды жана өткөрүү пунктунда айдоочулар үчүн практикалык тренингдерди камтыган окутуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Кыргызстанда электрондук кезек системасын ишке киргизүү, ЭСБ Эл аралык соода борборунун (БУУ/ДСУ) жана "Ready4Trade Борбор Азия: Транскаспий транспорттук коридору аркулуу өсүп-өнүгүүгө жол" долбоорлорунун алкагында, Европа биримдигинин каржылоосу менен ишке ашырылды.

Пикир

Оставить комментарий