• 87
  • 89.77
  • 0.79

Кыргызстан дүйнөлүк паспорт рейтингинде 68-орунду ээледи

Коом 0

Бишкек, 08.01.25. /Кабар/. Жаңыртылган Global Passport Power Rank 2025 тин рейтингинде Кыргызстандын паспорту 78 упай менен 68-орунду ээледи.

Белгиленгендей, Кыргызстандын жарандары 32 өлкөгө визасыз бара алышат, ал эми 46 өлкөгө барганда виза алышат жана 120 өлкөгө саякаттоо үчүн алдын ала виза талап кылынат.

Өзбекстан дагы 78 упай топтогон Кыргызстан менен бир деңгээлде.

Аймактын башка өлкөлөрүнүн ичинен Казакстандын паспорту 96 упай алып, 58-орунга ээ болду. Бул өлкөнүн негизги документи 46 өлкөгө визасыз кирүүгө укук берет, 50 мамлекетке келгенде виза берилет, 102 мамлекетке барууга алдын ала виза талап кылынат.

Түркмөнстандын паспорту 68 упай топтоп, 76-орунга ээ болду. Анын ээлери 18 мамлекетке визасыз кирүү укугуна ээ, 50 өлкөгө келгенде виза берилет, 130 өлкөгө виза талап кылынат.

Тажик паспорту 73 упай топтоп, рейтингде 72-орунду ээледи. Ал 27 өлкөгө визасыз кирүү мүмкүнчүлүгүн берет, 46 өлкөгө келгенде виза бар, 125 өлкөгө виза талап кылынат. Россия бул рейтингде 133 упай менен 38-орунда турат. Анын паспорту 84 өлкөгө визасыз кирүүгө укук берет, 49 өлкөгө келгенде виза берилет, 65 өлкөгө виза талап кылынат.

Рейтингдин лидери Бириккен Араб Эмираттарынын паспорту 180 упай менен 133 өлкөгө визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Global Passport Power Rank паспортторду баалоодо визасыз кире ала турган, келгенден кийин виза ала турган же электрондук кирүү уруксатын ала турган өлкөлөрдүн санына жараша рейтинг чыгарат.

Пикир

Оставить комментарий