• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстан ЕАЭБге кирип эмне тапты?

Коом 0

Бишкек, 13-апрель /Мирлан Киизбаев - Кабар/. Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен кооперациясынын экономикалык жакшы жактары көп, анын ичинде өлкөнүн өнөр жайын көтөрүү пайдубалы бар. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору, КР Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Кубанычбек Идинов билдирди.

“ЕАЭБден Кыргызстан алган башкы мүмкүнчүлүктөр ишкерлерибиз үчүн ири рыноктун ачылышы болуп саналат. Ишкерлерибиз бүтүндөй биримдик боюнча иш жүргүзө алышат. Бажы тоскоолдуктары алынды. Бул биздин ишкерлерди экологиялык таза продукцияны өндүрүп, аны Россия жана Казакстанга экспорттого өбөлгө берет”, - деп билдирди К.Идинов.

Эксперттин айтымында, ЕАЭБ республиканын аймагында ыңгайлуу географиялык жайгашуунун эсебинен биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүк түзөт. Бул Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондун түзүүнү эске алуу менен өндүрүшкө оң таасирин берет.

“Россиялык салуулардын эсебинен Кыргызстанда жашоо деңгээлин ЕАЭБдин курамына кирген өлкөлөргө жеткирүүгө багытталган Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду бул өңүттө маанилүү роль ойнойт”, - дейт эксперт. Ал фонддун түзүлүшүн Кыргызстанда өңдүрүштү өнүктүрүү зарыл экендиги менен түшүндүрөт.

“Биз ИДПны өстүрүшүбүз керек. Бул багытта ЕАЭБ Кыргызстандын ишкерлери үчүн зор өбөлгө жана мотивация берет. Өз кезегинде бул экономиканын өсүшүнө таасирин тийгизет”, - деп баса белгилеген К.Идинов, эгерде ЕАЭБ ЕБдин тажрыйбасын эске алса, күчтүү аймактык экономиканы түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун кошумчалады.

“ЕАЭБге кошулуу өнөр жайды көтөрүү үчүн пайдубал курду. Бул өнөр жайды СССРдин учурунда болгон көлөмгө жеткирүү келечегин берет. Интеграциялоо жана кооперация - бул дүйнөдөгү биринчи милдет. Экономикабыз калкты камсыздоосу үчүн биз өндүрүштү көтөрүшүбүз зарыл. Ал эми буга ЕАЭБ менен жетишүүгө болот”, - деп кошумчалады эксперт.

ЕАЭБге кошулуунун терс жактары тууралуу айткан эксперт, өлкөнүн өндүрүштүк кубаттуулугунун жетишсиздигин жана баштагы өндүрүштүк потенциалын жоготкондугун белгиледи.

“СССР кулаганда Россия, Казакстан жана
Кыргызстанда калктын жан башына ИДП бирдей болгон. Башында экономикалык саясатты туура эмес жүргүзүп, ири заводдорду жана фабрикаларды жоюп, жабдууларды Кытайга темирге өткөргөнүбүз экономиканын бардык тармактарына терс таасирин тийгизди. Биргелешкен ишканаларды түзүү үчүн заводдор жана фабрикалар бузулуп, сатылып кеткен. Мен ошондо, келгиле, акционердик компанияларды түзүп, аларга үлүш беребиз десем, укпай коюшкан. СССР жылдары курулган бирдиктүү эл чарба комплексин бузуу кеңешин берген башка кеңешчилерди угушту. Бардык ишканалар кыйраган соң, колубузда болгону калды”, - деди К.Идинов. Ошондой эле ал, өнөр жайын сактап калган өлкөлөр учурда өнүгүп жатканын жана өндүрүшкө ээ экендигин белгиледи.

“Биздин башкы милдетибиз – өндүрүштү кайрадан көтөрүү. Биз ЕАЭБге кошулуу менен муну ишке ашыра алабыз. Эгерде биз ушул бойдон калсак, 10-15 жылдан кийин таптакыр артта калып, четтеп калабыз. Биз өнөр жайды баштагы абалына келтирип, РФ жана Казакстан сунуштаган жардамды алуудан коркпошубуз керек”, - деп белгиледи эксперт.

Эксперт Евразия биримдигинин экономикалык пайдасынан тышкары ЕАЭБ өлкөлөрүндө эмгектенген мигранттардын шарттарынын жакшыруусун белгилейт. “Алар бул жакта ишкерлик кылып, иштеп, өз иштерин жүргүзө алышат. Бул дээрлик чейрек кылым бою чече албай келген маселе. ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеген мигранттарыбыз миллионго жакын. Биримдиктин аркасында алардын шарттары жакшырды”, - деп белгиледи К.Идинов.

Эксперт белгилеген дагы бир маанилүү учур бул Кыргызстандын коргонууга жөндөмдүүлүгүн күчөтүү жана саясий туруктуулук менен коопсуздукту орнотуу болуп эсептелет. Анткени, биз радикалдуу топтордун очогу бар туруксуз Афганистанга жакын жайгашканбыз.

“Бул бизди чек араны коргоо жана терроризмге каршы күрөш жүргүзүү багытында жакындаштырат. Биз укук коргоо органдары жана терроризм, радикалдуу уюмдар менен күрөшүү багыттарында күчтөрүбүздү бириктиришибиз зарыл”, - деп жыйынтыктады К.Идинов.

Пикир

Оставить комментарий