• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кыргызстан эки өлкө менен пенсияларды экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Экономика 0

Бишкек, 01.10.18. /Кабар/. Кыргызстан Корея жана Россия менен пенсияны экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КРнын Социалдык фондунун төрагасы Медер Исраилов билдирди.

Тиешелүү өкмөттөр аралык макулдашууларга кол коюлганда жана алар парламентте бекитилгенде - Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келген учурда жогоруда аталган өлкөлөрдүн биринде иштеген учурда топтолгон пенсияны ала алышат.

Ал үчүн жаран сөзсүз чет өлкөдө мыйзамдуу негизде иштеп, топтоочу фонддорго төлөмдөрдү ишке ашырып турууга милдеттүү.

“8нен 9-октябрга чейин Москвада кошумча сүйлөшүүлөр өткөрүлөт. Макулдашууларга кол коюлуп, ратификацияланганда пенсия кыргыз мигранттарына жаран иштеген өлкөнүн мыйзамдары боюнча которулуп турат”, - деп кошумчалады Исраилов.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын апрель айында президент Сооронбай Жээнбековдун Түркияга болгон расмий иш сапары учурунда эки өлкөнүн өкмөттөрү арасында социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге кол коюлган.

Аталган документке ылайык, эки өлкөнүн жарандары тең шарттарда Кыргызстандын да, Түркиянын да аймагында пенсия жана жөлөк пул алганга мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок андан мыйзамдуу негизде иштеген камсыздандырылган адамдар гана пайдалана алышат.

Пенсияны которуу пропорциялык негизде, ар бир өлкөдөгү тажрыйбасына ылайык жүргүзүлөт. Мисалы, эгер Кыргызстандын жаранынын мекенинде 5 жылдык, Түркиянын аймагында 20 жылдык тажрыйбасы бар болсо, пенсия 5 жыл бою Кыргызстандан берилет. Калган мөөнөт үчүн түрк тараптан берилет.

Аталган келишим боюнча, пенсиянын өлчөмү колго тийгенде аны жеткирүүгө кеткен каражаттарга байланыштуу азайышы мүмкүн. Күч түзүмдөрүнүн жана ага мүнөздүү органдардын кызматкерлери, мыйзамсыз негизде иштеген жарандар келишимде каралган мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалана албайт.

КР менен Түркиянын ортосундагы социалдык камсыздандыруу тууралуу келишимге 9-апрелде Анкарада эки өлкөнүн президенттеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктары боюнча кол коюлган. Ал парламентте ратификацияланган соң расмий түрдө күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий