• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан эл аралык капитал рыногуна жол ачууда – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Күн мурун Экономика жана коммерция министрлигинде министр Данияр Амангелдиевдин төрагалыгы астында Fitch жана Standard and Poor's рейтингдик агенттиктеринин, ошондой эле Oppenheimer Europe Ltd. инвестициялык банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууга кызыкдар мамлекеттик органдардын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү да катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө суверендүү кредиттик рейтингдин мааниси жана зарылдыгы, капитал рынокторуна чыгуу этаптары, ошондой эле Fitch жана Standard and Poor's рейтингдик агенттиктеринин ишмердүүлүгү жана эл аралык рейтингдик агенттиктер менен иштөөдө консультант катары чыгууну көздөгөн Oppenheimer Europe Ltd. инвестициялык банкынын презентациясы көрсөтүлдү.

Жолугушууда кызматташууну бекемдөө жана кредиттик тобокелдиктерди баалоо, инвестициялык жагымдуулук жаатында биргелешип иштөө боюнча багыттар талкууланды.

Тараптар улуттук жана чет элдик валюталарда эмитенттин узак мөөнөттүү дефолт рейтингин (суверендүү кредиттик рейтинг) ыйгаруу жана жогорулатуу боюнча активдүү иш алып барууга даярдыктарын билдиришти. Өз кезегинде бул өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун ишенимин чыңдоо үчүн шарттарды түзөт.

Министрлик рейтингдик агенттиктер менен тыгыз кызматташууну улантууну жана өлкөнүн көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча иш-чараларды ишке ашырууну пландоодо, бул өз кезегинде кредиттик рейтингдин жогорулашына жана жаңы инвесторлорду тартууга өбөлгө түзмөкчү.

Белгиленгендей, Кыргызстан өнүгүп келе жаткан инвестициялык рынок, жана ал баалуу кагаздар секторунда, ошондой эле түз инвестициялар аркылуу реалдуу экономикага жогорку кирешелүү инвестициялар үчүн потенциалга ээ.

Кредиттик рейтингдер эл аралык инвестицияларды тартууда негизги роль ойнойт, анткени алар компанияларга жана мамлекеттик органдарга дүйнөлүк капитал рынокторуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

2024-жылы Кыргызстандын кредиттик рейтинги Moody's тарабынан "негативдүүдөн" "туруктуу" деп жогорулатылган — бул эл аралык инвесторлор үчүн оң белги. Өлкөнүн эл аралык аренадагы позициясын бекемдөө жана карыздык жана акционердик капитал рынокторуна чыгуу үчүн "Чоң үчтүк" — Moody's, S&P жана Fitch агенттиктери менен кызматташуу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий