• 87
  • 90.63
  • 0.79

Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун аудитинен жогорку балл алды

Коом 0

Бишкек, 04.12.24. /Кабар/. Быйыл Кыргызстан Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) аудитинин жыйынтыгында жарандык авиацияда коопсуздуктун жана сапаттын эл аралык стандарттарына шайкештигин тастыктап, жыйынтыгында 85,7 баллга ээ болду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, Эл аралык жарандык авиация уюму 19-августтан 28-августка чейин Кыргызстанда авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү жаатында аудит жүргүздү.

Алдын ала маалыматтар боюнча, авиациялык коопсуздуктун критикалык элементтерин аткаруу деңгээли 85,76%ды түздү, бул көрсөткүч 81,43% түзгөн 2017-жылдагы жыйынтыкка салыштырмалуу олуттуу жакшыруу экендигин билдирүүдө.

Даярдык жана тажрыйба алмашуунун алкагында “Манас” эл аралык аэропорту” менен “Нурсултан Назарбаев” эл аралык аэропортунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү.

"Аудиттин ийгиликтүү аякташы адистердин жогорку кесипкөйлүгүн жана аймактагы авиацияны өнүктүрүүгө салым кошууга даяр экендигин көрсөтүп турат.

Мындай биргелешкен аракеттер Кыргызстандын эл аралык авиациялык аренадагы аброюн бекемдөөгө өбөлгө түзөт", - деп белгилешти "Манас" эл аралык аэропортунан.

Пикир

Оставить комментарий