• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Кыргызстан “EXPOTRAVEL-2024” эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышты

Коом 0

Бишкек, 07.10.24. /Кабар/. Екатеринбург шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу “Инфо Сервис Компани” туристтик компаниясы менен биргеликте Уралдын борбор калаасында өткөн “EXPOTRAVEL-2024” эл аралык туризм көргөзмөсүнө катышты.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарада Кыргызстандын стенди улуттук боз үй менен көрсөтүлдү. Көргөзмөнүн коноктору кыргыз тарыхы, каада-салты жана маданиятынан баяндар аркылуу маалымат алып, өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.

Улуттук кийимдерди кийген кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү конокторду боорсоктор менен тосуп алышты. Ошондой эле "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылып, көрүүчүлөргө жандуу маданий программа менен тартууланды.

Ачылышында башкы консул Максат Тентимишов куттуктоо сөзүн сүйлөп, бардык катышуучуларга жемиштүү иш каалады.

Маалымат үчүн: Урал туризм ассоциациясы тарабынан уюштурулган “EXPOTRAVEL-2024” көргөзмөсү салттуу түрдө күз-кышкы туристтик сезонду ачат. Бул жылы катышуучулардын санына чет мамлекеттердин консулдук өкүлчүлүктөрү, Россиянын аймактары, россиялык жана чет элдик туроператорлор жана мейманканалар кирди.

Пикир

Оставить комментарий