Кыргызстан Гренада мамлекети менен дипломатиялык мамиле түздү

Саясат 0

Бишкек, 04.06.19. /Кабар/. Кыргызстан Гренада мамлекети менен дипломатиялык мамиле түздү. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашкандай, дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге Москва шаарында кол коюлган.

Элчиликтен маалымдашкандай, кыргыз тараптан документке КРнын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов жана гренад тараптан Гренада мамлекетинин РФдагыгы элчиси Олег Фирер кол коюшкан.

Биргелешкен коммюникеде мамлекеттер ортосунда орнотулган дипломатиялык мамиле тууралуу, дүйнөлүк коопсуздукту жана тынчтыкты, мамлекеттер аралык теңдикти, улуттук көз карандысыздыкты жана аймактын бүтүндүктү, эгемендүүлүктү, эл аралык келишимдерди жана өлкө ичиндеги иштерге кийгилишпөө, укуктарды сактоо жана сыйлоо тууралуу айтылат.

Кол коюу аземинен кийин элчилер Кыргызстан менен Гренада мамлекетинин ортосундагы кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары тууралуу жана ошондой эле эки тараптуу жана эл аралык уюмдардын алкагында кызматташуу тууралуу сөз кылышкан.

Пикир

Оставить комментарий