Кыргызстан менен Иорданиянын дипкызматкерлери үчүн виза режими жоюлат

Президент 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 29-ноябрында Амман шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Иордания Хашимит Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды өз ара жоюу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 15-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууну ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат. Макулдашуу Кыргыз Республикасынын жарандары – дипломаттык жана кызматтык паспортторунун ээлери жана Иордания Хашимит Королдугунун жарандары – дипломаттык паспортторунун ээлери Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагына кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү үчүн кирген күндөн тартып токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотууну карайт.

Макулдашууну ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын – дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлеринин Макулдашуунун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.

Пикир

Оставить комментарий