• 87
  • 90.58
  • 0.83

Кыргызстан – Иран беттеши. Упай топтой албаганыбызга капа болдук – Лисицын

Коом 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын Иран менен болгон беттештен кийин билдирүү жасады.

"Бизди ар дайым, бардык жерде, өзгөчө үйдө колдогон күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдирем. Бул чындыгында мотивациянын абдан маанилүү фактору. Белгилей кетчү жагдай, үйдөгү беттештерге биздин оюнчулар өзгөчө маанайда чыгышат. Албетте, жетиштүү упай ала албаганыбызга капа болдук. Бирок келечекте дагы жакшы оюн көрсөтүп, көксөгөн упайларды алабыз деп ишенебиз", - деди башкы машыктыруучу.

Ал эми Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Кожо Жоэль: "Учурда менин жана жалпы команданын негизги максаты - кийинки баскычка чыгуу. Ошондой эле матчтын жүрүшүндө колдоо көрсөткөн күйөрмандарыбызга ыраазычылык билдиргим келет",-деди.

Эске салсак, 19-ноябрда Бишкекте Кыргызстан - Иран курама командаларынын футболдук беттеши өттү. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы ирандык атаандаштарына 2:3 эсебинде жеңилип калды.

Пикир

Оставить комментарий