• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чыңалууга тынчсызданууда

Саясат 0

Бишкек, 26.10.24. /Кабар/. Кыргызстан Иран менен Израилдин ортосундагы чатактын курчуп кетүү коркунучуна жана аймактагы стабилдүүлүккө доо кетирип, эки өлкөнүн ортосундагы чыңалуунун андан ары күчөп кетишине тынчсыздануусун билдирет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ушуга байланыштуу Кыргызстан тараптарды мындан аркы аскердик аракеттерден баш тартууга жана бүткүл Жакынкы Чыгышта кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучуна жол бербөөгө чакырат.

Кыргызстан дүйнө коомчулугунун, биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук Кеңешинин аймактагы согуштук аракеттерди тез арада жана толук токтотуу үчүн күч-аракеттерин бириктирүүнү жактайт.

Пикир

Оставить комментарий