Бишкек, 29.11.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Кыргызстанда жаңы "Электрондук эмгек китепчеси" модулу ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков билдирди.
Анын айтымында, долбоор кызматкерлердин эмгек стажы боюнча маалыматка жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.
“Бүгүнкү күндө дээрлик бардык мамлекеттик кызматтар санариптештирүү жолунда, эми эмгек китебине дагы убакыт келип жетти. Эмгек китебин электрондук форматка өткөрдүк. Долбоор кызматкерлердин эмгек стажы боюнча маалыматка жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган. Мындан сырткары бул система документтерди жоготуу же жасалмалоо тобокелчилигин азайтат. Ошондой эле электрондук эмгек китеби системасында кызматкер өзүнүн эмгек ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды, билими жонундо маалыматын, сыйлыктарды, наамдарды, класс чендери ж.б.маалыматтарын көрө алат",-деди ал.
Ошондой эле Саргазаков "Электрондук эмгек китепчеси" бүгүнкү күндө 3 мамлекеттик органда пилоттук режимде иштеп жатканын кошумчалады.
"Долбоор ушул жылдын 23-октябрынан тартып Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү башкаруу агенттигинде, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинде пилоттук режиминде ишке кирген”, – деди ал.
Пикир
Оставить комментарий