• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан "Халал" продукциясын экспорттоону күчөтүп, Малайзияга соода миссияларын уюштурат

Экономика 0

Бишкек, 11.09.24. /Кабар/. Бүгүн "Кыргыз Экспорт" борборунда Малайзиянын элчиси Ильхам Туах Иллиас менен жолугушуу өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө соода, финансы жаатындагы негизги маселелер, ошондой эле тамак-аш азыктарын кайра иштетүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Тараптар кыргыз ишканаларынын Малайзияга соода миссияларын уюштуруу жана Куала-Лумпурдагы көргөзмөлөргө катышуу пландарын талкуулап, бул кадам кыргыз товарларынын малайзиялык рынокко чыгуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, эки өлкөнүн бизнес байланышын бекемдей турганын белгилешти.

Мындан тышкары, малайзия тарап Малайзияда таанылган "Халал" стандарттары боюнча кыргыз ишканаларын сертификаттоо демилгелерин колдоого даяр экенин билдирди, бул кыргыз продукциясын экспорттоо үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Тараптар мындан аркы кызматташтыктын келечектүүлүгүнө ишенимин билдиришип, эки өлкөнүн экономикалык байланышын чыңдоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Малайзиянын Экспортту илгерилетүү агенттигинде тажрыйба алмашуу жана стажировка өтүү боюнча макулдашууга жетишилди. Бул кыргыз ишканаларына өз компетенцияларын жакшыртууга жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий