Бишкек, 11.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 1-майында Сардоба суу сактагычынын жарылышынан улам жабыркаган Өзбекстан Республикасынын калкына гуманитардык көмөк көрсөттү. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, Кыргыз Республикасы Өзбекстан Республикасынын жабыр тарткан калкы үчүн 1 000 тонна цемент, 100 тонна күрүч жана 10 тонна өсүмдүк майын жөнөтөт.
Пикир
Оставить комментарий