• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстан коопсуз жана легалдуу миграция жөнүндө Глобалдык келишимге кошулду

Коом 0

Бишкек, 06.09.24. /Кабар/. КР президентинин "Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Коопсуз, тартипке салынган жана легалдуу миграция жөнүндө Глобалдык келишимге кошулуу тууралуу тышкы саясий демилгесине макулдук берүү жөнүндө" жарлыгына кол коюлду.

Эмгек министрлигинен белгилешкендей, бул маанилүү кадам Кыргызстандын эл аралык стандарттарга жана принциптерге берилгендигин күбөлөндүрөт. Аталган келишим миграцияны башкарууну жакшыртууга, мигранттардын укуктарын камсыз кылууга жана бул жаатта эл аралык кызматташууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Кыргызстан адам укуктарын урматтоого жана гумандуулук принциптерине негизделген глобалдык миграциялык системага интеграцияланууга умтулат. Глобалдык келишимге кошулуу өлкөнүн эл аралык стандарттарга берилгендигин баса белгилейт жана улуттук миграциялык саясатты жакшыртууга карай маанилүү кадам болуп калат.

Келишимдин сунуштамасы жана жетектөөчү принциптери көп жагынан Кыргызстандын 2030-жылга чейинки миграциялык саясат концепциясында туруктуу өнүктүрүү (БУУ ТӨМ) максаттарында баяндалган артыкчылыктарга дал келет, анда программалар адам капиталын чыңдоого жана жарандардын, анын ичинде миграциянын катышуучуларынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле Глобалдык келишимдин компоненттерин имплементациялоо мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбай тургандыгын белгилей кетүү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий