• 85.8
  • 93.2
  • 0.88

Кыргызстан – Мьянма: жылдырылган футбол боюнча беттеш бүгүн болот

Спорт 0

Бишкек, 22.03.18./Тумара Туратбекова – Кабар/. Түштүк Кореяда футбол боюнча Азия – 2019 Кубогунун тандоо раундунун алкагында бүгүн Кыргызстан – Мьянма беттешет.

КР Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининдин айтуусуна караганда, курама үчүн ар бир оюн маанилүү, анын ичинде Мьянма менен боло турган беттеш дагы.

“”Биз эч качан оюнду “маанилүү” же “мааниси аз” деп бөлбөйбүз. Күтүлүп жаткан ар бир оюн чоң мааниге ээ, Мьянма менен боло турчу беттеш дагы. Мьянманын курамасы – абдан тажрыйбалуу, көп гол киргизген курама экендигин билебиз. Биз эч качан Кубокко катышып калуу мүмкүнчүлүгүнө мынчалык жакын болгон эмесбиз, бир гана оюнчулар эмес бүтүндөй өлкө бул оюн менен жашап жатышат. Эми бир гана биз даяр болгон акыркы кадамды жасоо калды”,-деп билдирди ал.

Өз кезегинде Мьянма курамасынын башкы машыктыруучусу немец адиси Герд Цайсенин айтуусунда, Кыргызстандын курамасынын штабында тажрыйбалуу машыктыруучулар жана мыкты оюнчулар бар.

“Биз абдан мыкты даярдандык жана бардык атаандаштарга каршы ойноого даярбыз. Азия Кубогуна кирип калуу боюнча өз курамамдын мүмкүнчүлүгүн 50/50 баалап жатам, бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Менин командам футбол аянтчасында өздөрүн көргөзгөнгө даяр”,-деп кошумчалады Цайсе.

КР курамасы футбол аянтчасында ак, ал эми атаандаштар кызыл түстө ойношот.

Оюн Бишкек убактысы боюнча 12:00дө (жергиликтүү убакыт боюнча 15:00) “Инчхон” стадионунда болот. Оюнду КТРК Спорт жана mycujoo аркылуу түз эфирде көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, КР улуттук курамасы Мьянма менен 2017-жылдын 5-сентябрында Бишкекте беттешмек, бирок аны оюнга бир күн калганда жылдырышкан. Мындай чечим КР өкмөтү тарабынан Мьянмадагы кырдаалга байланыштуу коопсуздук камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий