• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстан менен АӨБ билим берүү тармагындагы долбоорлорду талкуулады

Коом 0

Бишкек, 18.01.24. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкынын социалдык өнүктүрүү департаментинин директору София Шакил жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда министр Кендирбаева Азия өнүктүрүү банкына билим берүү тармагын колдоосу жана көп жылдык кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде София Шакил Билим берүү министрлиги менен биргеликте тармакты өнүктүрүүнү колдогон бир катар долбоорлор ишке ашырыгандыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Азия өнүктүрүү банкы өлкө эгемендүүлүк алгандан бери билим берүү секторун өнүктүрүүнү колдогон Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Атап айтканда, мектептик жана кесиптик билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча "Секторду өнүктүрүү программасы: Билим берүү системасын бекемдөө" (2015-2022-жж.) долбоорун ишке ашырган.

Учурда Билим берүү министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен кесиптик техникалык билим берүүнүн жана окутуунун инклюзивдик системасын түзүү үчүн рынокко, ишкердикти өнүктүрүүгө, кесиптик лицейлерде жана колледждерде окутуунун сапатын жана билим берүү чөйрөсүн жакшыртууга, билим берүү системасы менен өндүрүштүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюздик өнүгүү үчүн көндүмдөр" долбоорун ишке ашырууда.

Пикир

Оставить комментарий