• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан менен Андорранын ортосундагы эки тараптуу алакаларды кеңейтүү маселеси талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 02.12.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Андорранын тышкы иштер министри И.Фаус менен жолугушту.

КР ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптардын жолугушуусу 30-ноябрда ЕККУнун министрлер кеңешинин 30-отурумунун алкагында Скопье шаарында өткөн.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Андорранын ортосундагы эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Кыргыз тарабы эки тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Андорранын туризмди өнүктүрүүдөгү бай тажрыйбасын эске алып, А.Молдогазиев бул багытта биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди өз ара колдоо маселеси жолугушууда өзүнчө талкууланды. КР делегациясынын Башчысы Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн кеңири коалициясын түзүүнү жактаарын жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү боюнча дүйнөлүк аренада Андорраны маанилүү өнөктөш катары карай турганын белгиледи.

Өз кезегинде Фаус кыргыз тарабынын сунуштарын кароого даяр экенин билдирип, Кыргызстандын тиешелүү мекемелеринин өкүлдөрүн Андоррага келип кетүүгө жана тыгыз кызматташууну түзүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий