Бишкек, 29.10.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Армениянын Астана шаарындагы резиденциясы менен Кыргызстандагы элчиси Армен Гевондяндын жолугушту.
Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө саясий өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде 2025-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Армениянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, тараптар эл аралык жана аймактык күн тартибиндеги маселелер, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүү боюнча пикир алышты.
Пикир
Оставить комментарий