Кыргызстан менен Австриянын парламенттеринин аппарат жетекчилери жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.24. /Кабар/. Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин аппарат жетекчиси Алайбек Алымбаев Австрия парламентинин администрациясынын жетекчиси, башкы катчы Харальд Досси менен жолугушту.

Аталган жолугушуу төрага Нурланбек Шакиевдин Австрия мамлекетиндеги расмий сапарынын алкагында уюштурулду.

Баарлашууда тараптар Жогорку Кеңештин аппараты менен Австрия парламентинин администрациясынын ортосундагы байланышты кеңейтүү жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Аппараттын жетекчиси Алайбек Алымбаев бул жолугушуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн пайдубал болуп берерин белгилеп: “Биз Австрия парламентинин администрациясы менен эки тараптуу байланыштарды мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө кызыкдарбыз”, – деди.

Муну менен катар эки тараптуу иш сапарларды уюштуруп, тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө токтолгон Алайбек Алымбаев Жогорку Кеңеш бул жаатта да кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Австрия парламентинин администрациясынын жетекчиси, башкы катчы Харальд Досси эки өлкөнүн парламенттеринин төрагаларынын жолугушуусу кызматташтыктын жаңы барагын ачканын белгилеп, бул мамлекеттер аралык байланыштарды чыңдоого көмөкчү болорун кошумчалады.

Ошондой эле “Inter Pares” глобалдык программасына Жогорку Кеңештин аппаратын да кошулууга чакырган Харальд Досси аталган программа кызматкерлердин потенциалын жогорулатууга, мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө жаатындагы тажрыйбаларын арттырууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

“Азыркы тапта Европа өлкөлөрүнүн парламенттеринин аппараттары “Inter Pares” глобалдык программасына кошулуп, бири-бири менен тажрыйба алмашып келет. Андыктан арабызда Кыргыз парламентинин аппаратынын кызматкерлеринин да болушун каалайбыз”,- деди Харальд Досси.

Пикир

Оставить комментарий