Бишкек, 22.01.25. /Кабар/. Күн мурун Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Азербайжандын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчиси Зульфугар Хуммет оглы Танарверди жана элчинин экинчи катчысы Миржавид Миргадир оглы Мирсултан менен жолугушту.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы №103 Низами Гянджави жана №20 Гейдар Алиев атындагы мектептерди азербайжан тили боюнча мугалимдер менен камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.
Иш-чаранын катышуучулары билим берүү тармагында, анын ичинде мектептер жана университеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мындан тышкары, Россия Федерациясы жана Тынчтык Корпусу менен мугалимдерди алмашуу тажрыйбасы баса белгиленип, ал билим берүү программаларын өнүктүрүүдө андан аркы кадамдар үчүн негиз болушу керектиги айтылды.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жумушчу топтун алкагында аталган мектептерде азербайжан тили боюнча мугалимдер менен камсыз кылуу боюнча маселелерди карап, бул демилгелерди натыйжалуу ишке ашыруу үчүн эксперименттик программаны иштеп чыгат.
Белгиленгендей, келечекте эки өлкөнүн ортосундагы билим берүү жаатында кеңейтилген кызматташуунун жолдору да сунушталат.
Пикир
Оставить комментарий