• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстан менен Азербайжан COP29 алкагында биргелешкен иш-чараларды талкуулады

Коом 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын жана жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Азис Сапаралиевдин 5-6-августта Азербайжанга иш сапары болду.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан делегациясынын Азербайжандын экология жана жаратылыш ресурстары министри Мухтар Бабаев, Азербайжан президентинин жардамчысы – президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Хикмет Гаджиев жана тышкы иштер министринин орун басары Ялчин Рафиев менен сүйлөшүүлөрү жана консультациялары болду.

Азербайжан тарапка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге Кыргызстандын глобалдык тоо демилгелерине байланыштуу кайрылуусу тапшырылды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Баку шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 29-сессиясынын (COP29) алкагында климат жана тоо күн тартибинин биргелешкен иш-чаралары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий