Кыргызстан менен Азербайжандын ортосунда кош салык салуу жоюлушу мүмкүн

Экономика 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Кечээ, 4-апрелден тарта Баку шаарында Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы кирешеге салыктарга карата кош салык салууну болтурбоо жана салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, сүйлөшүүлөргө кыргыз тараптан КР Экономика министрлигинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү катышууда.

Маалымат үчүн: Учурда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар бир мамлекетке кирешенин жана капиталдын айрым түрлөрүнө салык салуу укугун берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы салык мамилелерин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Өлкөлөр ортосундагы мындай мамилелердин негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешелерине кош салык салууну жоюу болуп саналат.

Белгилей кетсек, кош салык салуу келишимдери да республиканын экономикасына түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары каралат.

Мындан тышкары, макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууга же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууга жол бербөө жана Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий