• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Кыргызстан менен Азербайжандын аскердик кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 23.10.24. /Кабар/. Бүгүн коргоо министри Бактыбек Бекболотов Азербайжандын коргоо министри Закир Аскер Оглы Гасанов менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы Аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Министр Бекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту биргелешип камсыз кылуу контекстинде алардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун соңундаБекболотов Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы аскердик кызматташууну бекемдөө эки өлкө ортосундагы достук мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө жана аймактык коопсуздукту күчөтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий