• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Азербайжандын башкы прокурорлору келишимге жана кызматташуу программасына кол койду

Коом 0

Бишкек, 25.04.24. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Азербайжандын башкы прокурору Камран Алиев менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын ортосундагы 2025-2026-жылдарга кызматташуу жөнүндө келишимге жана кызматташуу программасына кол коюлду.

КР башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 22-отурумунун жана Түрк мамлекеттеринин уюмунун башкы прокурорлор кеңешинин 3-отурумунун алкагында болуп өттү.

Келишим жана кызматташуу программасы Кыргызстан менен Азербайжандын көзөмөл органдарынын ортосунда укук тартиби жана мыйзамдуулук жаатында өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган.

"Бул кызматташуу келишимине жана программага кол коюу биздин мамилелерибиздин жаңы этабын белгилейт. Ошондой эле, укук тартибин бекемдөөгө, жарандарыбыздын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жалпы умтулуубуздун далили экендигинин белгиси", - деп билдирди Кыргызстандын башкы прокурору.

Пикир

Оставить комментарий