• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов Азербайжан Республикасынын экономика министринин биринчи орун басары Элнур Алиев менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу маселелери, анын ичинде Азербайжандан Кыргызстанга мунай жеткирүү жана ата мекендик айыл чарба продукциясын, тактап айтканда, кой этин жана төө буурчакты экспорттоо перспективалары талкууланды.

"Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан - Каспий деңизи - Азербайжан" каттамы боюнча жүктөрдү ташуу маселелери, анын ичинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунан улам жүктөрдүн келечектеги көлөмү өзүнчө сүйлөшүлүп, тараптар бул багыт боюнча биргелешкен иштерди улантуу тууралуу тең пикирге келишти.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Азербайжанга жасаган мамлекеттик сапарынын жүрүшүндө уставдык капиталы 100 млн АКШ долларына чейин көбөйтүлгөн Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишине да токтолушту.

Пикир

Оставить комментарий