• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын өнөктөштүгүнө 30 жыл толду

Экономика 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын өнөктөштүгүнүн 30 жылдык мааракеси белгиленди.

Салтанаттуу саамалыкка АӨБтүн вице-президенти Инмин Ян, Кыргызстандын финансы министринин орун басары Руслан Татиков, Жогорку Кеңештин депутаттары, элчилер ишкерлер жана атайын чакырылган коноктор катышты.

Иш- чараны Руслан Татиков ачып, Кыргызстан менен АӨБтүн өнөктөштүгүнүн 30 жыл ичиндеги натыйжаларына токтолду.

“АӨБ инфрастуруктураны жакшыртууга гендердик жана социалдык теңсиздикти жоюуга багытталган 217 ашык долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды жана техникалык жардам көрсөттү. Бул аракеттердин аркасында жарандар жолдорго ичүүчү таза сууга, электр энергиясына, ошондой эле жумушка орношуу жана ишкердик үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту”, - деди ал.

Ал эми Инмин Ян Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бардык жарандарынын жашоо сапатын жогорулатуу боюнча аракеттерин улантарын билдирди.

“АӨБ Кыргызстанга экономикалык жана социалдык өнүгүүгө каржылык жана маалыматтык колдоо көрсөтүп келет. Кызматташуубузду жана мурунку өнүгүү ийгиликтерибизди улантуу үчүн, биз биргелешип туруктуу, инклюзивдүү жана келечекти түзүүгө умтулабыз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык өнөктөштөргө, кызыкдар тараптарга жана кесиптештерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиргим келет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, 30 жылдын ичинде 2,6 млрд доллардан ашык суммадагы АӨБдүн 217 долбоору Кыргызстандын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртты. АӨБдүн жардамы менен маанилүү алтерьнативдүү Түндүк-Түштүк жолдорунун бир бөлүгү реконструкцияланды. Билим берүү тармагында колдоо көрсөтүлүп, 500 миң окуу китеби берилди. Муну менен катар 1700 мугалим окутулду жана 90 мектепке заманбап жабдуулар орнотулду. 2000-жылдан бери АӨБ шаар жана айыл жерлеринде 426 миң дөн ашуун адамды ичуучу суу жана санитария менен камсыз кылды.

АӨБдүн Кыргызстан менен өнөктөштүгү инклюзивдүү, көп сектордуу жана туруктуу өсүшкө басым жасоо менен, бүткүл өлкө боюнча жашоо деңгээлин жакшыртууга өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий