• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Кыргызстан менен БАЭ айдоочулук күбөлүктөрүн өз ара таануусу күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 22.08.24. /Кабар/. Абу-Даби шаарында Кыргызстан менен БАЭнин ар тараптуу кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кызматташтык маселеси күн мурун Кыргызстандын элчиси Абдилатиф Жумабаевдин Бириккен Араб Эмираттарынын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Тынч океан иштери боюнча департаментинин директору Абдулазиз Аль-Неяди менен жолугушуусунда талкууланды.

Анда тараптар Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашып, эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуу натыйжалуу болуп, эки өлкөнүн тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан берилген айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу боюнча түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюу тууралуу макулдашуу жетишилди.

Белгиленгендей, буга чейин документтин тексти тараптар тарабынан макулдашылган. Бул эки өлкөнүн жарандардын ыңгайлуулугу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын ырастайт.

Макулдашууну акыркы этапка жеткирүү үчүн 2024-жылдын 28-августунда кыргыз жана эмират тараптарынын катышуусунда видео байланыш уюштуруу пландаштырылууда, анда документтин текстине акыркы өзгөртүүлөр киргизилип, анын кол коюуга даярдыгы каралат.

Пикир

Оставить комментарий