• 87
  • 90.59
  • 0.87

Кыргызстан менен Бахрейн түз аба каттамдарды жана өнүктүрүү фондун ачууга ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Бахрейндин элчиси Мохаммед Гассан Мохамед Аднан Шайхо менен жолугушту.

Ведомстводон кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар каралып жаткан документтердин макамын, потенциалы ачыла элек соода жүгүртүүнүн динамикасын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл туризмди өнүктүрүү, анын ичинде Кыргызстан менен Бахрейндин ортосунда түз аба каттам ачуу мүмкүнчүлүгүн кароого бурулду.

Санжар Болотов элчиге Кыргызстанда пландалып жаткан инвестициялык форумдар тууралуу маалымат берип, Бахрейндин өкүлдөрүн иш-чараларга катышууга чакырды.

Ошондой эле инвестицияларды тартуу жана өнүктүрүүнүн биргелешкен фондун түзүү маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргызстан менен Бахрейндин Соода-өнөр жай палаталары аркылуу бизнес-кызматташууну чыңдоо боюнча макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий