• 85.2
  • 93.37
  • 0.88

Кыргызстан менен Бавариянын кызматташуусунун жаңы маселелери талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 09.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бавария федералдык аймагынын (Германия Федеративдик Республикасы) Премьер-министри Маркус Зёдер менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Жолугушуу Акылбек Жапаровдун “Кыргызстандын экономика күнү” темасындагы кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына жана кыргыз-герман бизнес-форумуна катышуу үчүн Мюнхенге барган жумуш сапарынын алкагында болду.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулап, экономика, билим берүү жана алдыңкы технологиялар тармагындагы кызматташууга басым жасашты.

“Бай тарыхы жана маданияты, кооз жаратылышы бар Германиянын федералдык аймагына болгон сапарымдын алкагында Бавария менен кызматташуунун келечегин Сиз менен талкуулоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондугума кубанычтамы”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоонун маанилүүлүгүнө токтолуп, эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн олуттуу потенциалды белгиледи.

Өз кезегинде Бавариянын Премьер-министри Маркус Зёдер, Бавария Кыргызстан менен кызматташууга ачык экенин жана жаңы демилгелерди кароого даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле туруктуу өнүгүү жана экономика жаатындагы биргелешкен долбоорлордун маанилүүлүгүн, эки тараптын ишкерлеринин бизнес байланыштарын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

Соңунда тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө, Германиянын алдыңкы технологияларын Кыргызстандын экономикасынын түрдүү тармактарына кеңири жайылтууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий