• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан менен Беларусь адистештирилген уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетет

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Беларустун Профсоюздар федерациясынын төрагасы Юрий Сенько Кыргызстандын Беларустагы элчилигинде болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчи Эрбол Султанбаев менен Юрий Сенько Кыргызстан менен Беларустун профсоюздук федерацияларынын өз ара кызматташуусунун багыттары, анын ичинде туризм жана санаториялык-курорттук дарылоо жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Тараптар Кыргызстан менен Беларустун адистештирилген уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Маалымат үчүн: Беларусь Республикасынын профсоюздардын мүчөлөрүнүн саны төрт миллиондон ашык. Федерациянын карамагында 6 туристтик борбор, 12 санаторий, 9 ден соолукту чыңдоо комплекси (эс алуу борборлору) иштейт. Ар бир аймакта өзүнүн мейманкана комплекстери, спорт клубдары бар, жалпысынан уюмдун алдында 90 спорт мектеби бар.

Пикир

Оставить комментарий