• 87
  • 90.59
  • 0.86

Кыргызстан менен Беларусь соода жүгүртүүнүн көлөмүн $500 млн жеткирүүгө ниеттенүүдө

Экономика 0

Бишкек, 28.11.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 9 айда 68 млн долларды түздү. Бул тууралуу кыргыз-беларусь биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынында белгилүү болду.

Тараптар жакынкы 3 жылда товар жүгүртүүнүн көрсөткүчтөрүн 500 млн долларга жеткирүү мүмкүнчүлүгүн эки өлкөнүн мамлекеттик органдары ортосунда иш алып барууну күчөтүүнү макулдашты.

Ошондой эле Минск менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселеси боюнча позициялардын дал келээрин белгилешти. Статистикалык маалыматтар боюнча, өткөн жылдын аягында Кыргызстанга Беларустан 5000ге жакын жаран келсе, быйылкы жылдын 8 айында бул көрсөткүч 4000 адамдан ашкан.

Пикир

Оставить комментарий