• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Беларустун санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун айланыш жана маалыматташтыруу министри Константин Шульгин менен жолугушту.

Элчиликтен билдиришкендей, тараптар Кыргызстан менен Беларустун маалыматташтыруу жана санариптик өнүгүү чөйрөсүндөгү кызматташуусунун келечегин талкуулашты.

Беларустун байланыш жана маалыматташтыруу министри Константин Шульгин бул багыттардагы тенденциялардын тынымсыз жаңыланышын жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын өнүгүшүн эске алуу менен эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар жана даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде элчи Эрбол Султанбаев Кыргызстанда санариптештирүүнүн, өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө, IT-секторунда активдүү өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.

Беларустун санариптештирүү секторунун өнүгүүсүнүн жогорку деңгээлин эске алып, Эрбол Султанбаев бул багытта өз ара кызматташууну күчөтүү боюнча бир катар чараларды кароону сунуштады.

Буга байланыштуу тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосунда санариптештирүү жаатында эки тараптуу макулдашуунун долбоорун биргелешип иштеп чыгууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий